
Ош шаарындагы Жапалак унаа базарын 14-июнда ачууга карата даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда шаардык мэриянын маалымат борбору билдирди.
Анда кабарлангандай, базардын тосмолору жаңыланган. Электрондук төлөм системи орнотулуп, бастырмалардын астына бетон куюлуп тегизделген. Ал эми ички бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин аталган жайга калаа башчысы
Жеңишбек Токторбаев барып, ал жердеги курулуш жана иретке келтирүү иштерин
көрүп чыккан.