Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 10-июнда Өзбекстандын Ташкент шаарына жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, өкмөт башчысы ал жакта Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышат.
Ошондой эле ал бир катар объектилерди көрүп, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.