
Бишкек шаарындагы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү 10-июндан 30-июнга чейин жабык болот. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда мэриядан билдирди.
Кабарлангандай, аталган даректе магистралдык жылуулук түтүгүн пландан тышкаркы алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.
Ага ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн аралыгындагы бөлүгү убактылуу жабылат.