Бишкекте самокатчан өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Бишкек шаарында самокатчан өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан бүгүн, 9-июнда билдиришти.

Ага ылайык, кырсык кечээ, 8-июнда болжол менен саат 07:30да болгон. Анда айдоочу "Томми Молл" соода борборунан чыгып келе жатып, самокатчан жаранды сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм ооруканага жаткырылган. Шектүү катары MERSEDES-BENZ SPRINTER 315 унаасынын 23 жаштагы айдоочусу кармалган. Унаа айып короого токтотулду.

09.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан