Ички иштер министрлиги Бишкекте психотроптук заттарды ташып кирүү жана нарколаборатория уюштуруу аракеттерине бөгөт коюлганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Грузиядан келген эл аралык жөнөтмөнү бажы текшерүүсү учурунда өзгөчө ири өлчөмдөгү психотроптук заттын аналогу алынган.
"Ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында Бишкектеги клубдардын биринде ди-джей болуп иштеген, 28 жаштагы А.А.И. аттуу Орусиянын жараны кармалып, жанында тыюу салынган заттар болгон. Ошондой эле жатаканада жашаган жерин тинтүү учурунда кара куурай өскөн нарколаборатория жана өстүрүү үчүн атайын жабдуулар табылган", - деп жазылат расмий билдирүүдө.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда кошумча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бардык алынган баңгизаттар жана атайын жабдуулар экспертизага жөнөтүлдү.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.