Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз менчиктештирилген 2 миллиард сомдон ашык 12 гектарга жакын жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын 9-июнда тараткан маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, аталган жер тилкелери Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука, Аксы райондорунун жана Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан.
Сузак району боюнча: мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен «Жума базары» 1,65 гектар жер тилкеси менен ал жерде менчик ээлери тиешелүү инфраструктурасы жок соода жайларын стихиялуу соодагерлерге ижарага беришкен. Бул жергиликтүү тургундардын тыгынына жана нааразычылыгына алып келген. Учурда бул жер тилкеге жергиликтүү бийлик органдары тарабынан заманбап муниципалдык базардын курулушу башталды;
Базар-Коргон району: 2,8 гектар жер тилкеси менен чарбалар аралык курулуш уюмунун жана 1,8 гектар жер тилкеси менен «Бабур» кооперативинин имараттары жана курулуштары менчикке мыйзамсыз өткөн. Мамлекеттик ипотекалык компания программасы боюнча аталган жер тилкелерине үйлөрдүн курулушу башталды;
Ала-Бука району: 1,3 гектар жер тилкеси менен оңдоо-техникалык ишкананын аймагы мыйзамсыз жеке менчикке өткөн. Көрсөтүлгөн жер тилкесине Чек ара кызматынын аскер бөлүгүн куруу пландалууда;
Аксы району: Автотранспорт ишканасынын аймагы 2 гектар, Кербен шаардык мэриясынын гараждары 1,4 гектар, питомник 1 гектар жер тилкеси. Кербен стадионунун аймагынан жеке турак жай жана коммерциялык объекттерди куруу үчүн мыйзамсыз берилген 0,2 гектар жер тилкелери кайтарылды. Учурда бул жерде ФИФАнын стандарттары боюнча заманбап футболдук стадион үчүн курулуш иштери жүрүп жатат;
Таш-Көмүр шаары: «Кристалл» заводунун аймагындагы 1,5 гектар жер. Көрсөтүлгөн жер тилкесинде курулуш материалдарын чыгаруучу өндүрүш ишканаларын куруу пландаштырылууда.