Австралиянын 9News телеканалынын кабарчысы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтүп жаткан нааразычылык акцияларын чагылдырып жаткан маалда жаракат алды.
Телеканал окуя кечээ, 9-июнда болгонун билдирип, журналист жаракат алган учурдагы видеону жарыялады. Полиция кызматкерлеринин бири тарабынан атылган желим ок журналисттин сол бутуна тийген.
Айта кетсек, Лос-Анжелесте массалык нааразычылык акциялары полициянын мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча рейдинен кийин башталган. АКШнын президенти Дональд Трамп 7-июнда башаламандыктарды токтотуу үчүн штатка Улуттук гвардияны жайгаштырууну буйруган.