Италиялык киши бир жыл ичинде жумушунан 2 килограмм алтынды чачына катуу менен уурдап чыккан

Италиянын полициясы алтын эритүүчү ишкананын кызматкерин кармаганын La Repubblica гезити жазып чыкты.

Кылмышкер алтын сатып алуу боюнча документтерди пландуу текшерүүдөн кийин ачыкка чыккан. Мындан улам 38 жаштагы киши полицияга 23 миң евролук 250 граммдык алтын куймасын тапшырган. Ал кишинин үйүн тинтүү учурунда андан да көп алтын табылган. Ал бир катар уурулуктарды мойнуна алган.

Шектүүнүн айтымында, ал январь айына чейин Швейцарияда зергерчилик ишканасында иштеп, ал жерден күзөт кызматкерлерине кармалбастан бир нече жолу алтынды чачына катып, алып чыккан. Жалпысынан бир жылдын ичинде италиялык жаран баасы 150 миң еврого жакын болгон эки килограммдай алтын уурдоого үлгүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан