Казакстандын Павлодар шаарында кыз узатуу тоюнан ондогон коноктор ууланып ооруканага түшүштү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, ууланууга ресторандагы тамак себеп болгон. Кыз узатуудагы келин Азиза Исабай социалдык тармактар аркылуу видео кайрылуу жасап, ресторандын ээлерин жоопкерчиликке тартууну талап кылды.
"7-июнда ресторанда кыз узатуу тою болду. Андан кийин көп адамдар ооруп калды, температурасы 40 градуска чейин көтөрүлүп, диарея, кусуу белгилери бар. Бул такыр жемиш же шире эмес, анткени аларды көбүнчө балдар жеген, аларда белгилер жок. Ооруган адамдар чоңдор, алар салат жешкен. Мен жана жолдошум салат жеген жокпуз, бизде эч кандай белгилер жок. Азыр менин туугандарым, жакындарым инфекциялык ооруканада жатышат. Ооруган адамдардын саны 50дөн ашат. Дарыгер бул сальмонеллёз болушу мүмкүн экенин айтты. Баарыбыз "контактный" деп эсептелип жатабыз", - деди ал.
Азиза ресторан жетекчилиги бул окуядан кабардар болгонун, бирок ага карабастан ишин уланта бергенин сынга алды.
"Ресторандагылар абал тууралуу билишсе да, 8-июнда кайрадан иш-чараларды өткөрө беришти. Ал жердеги антисанитария абдан эле коркунучтуу. Алар ооруканага түшкөн адамдар 1-2 эмес, жок дегенде 10 киши экенин билишкен. Ошого карабай, эч кандай чара көрүшкөн эмес. Мен бул ресторандын ишин токтотууну, бизге иш-чарага кеткен чыгымдарды кайтарып берүүнү, уулангандарга дары-дармек жана моралдык зыян үчүн компенсация төлөөнү талап кылам. Адилеттүүлүк болушун каалайм", - деп билдирди павлодардык келин.
Азыркы тапта ооруканада 20 адам жатат. Алардын арасында бир бала жана бир кош бойлуу аял да бар. Алдын ала диагноз - бактериялык ичеги-карын инфекциясы.
8-июнда санитардык кызматтар ресторанды текшерип, ишмердүүлүгүнө тыюу салуу чечими чыгарылган. Санэпидем көзөмөл департаментинин жетекчисинин орун басарынын айтымында, ресторандын 7 кызматкери медициналык текшерүүдөн өтпөгөндүгү үчүн иштен четтетилди.