Башын кесип, чемоданга салып койгон... Соцтармактагы таанышуу өлүм менен аяктады

Италияда эскорт кызматын көрсөткөн кыз жоголуп, аз убакыттан кийин жансыз абалда табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Дээрлик үч апта мурун дайынсыз жоголгон 30 жаштагы румыниялык эскорт Мария Дениса Паундун сөөгү токойдон табылган. Кылмышкер анын башын кесип чемоданга салып, калган денесин токойго таштап койгон.

Аны Василе Фрумузаче атуу жаран өлтүргөнү белгилүү болгон. Ал киши Паун менен таанышуу тиркемесинен таанышкан. 16-майга караган түнү аны менен жыныстык катнашта болуп, үй-бүлөсү бар экенин моюнуна алган. Андан кийин кыз "аялыңа айтам" деп коркутуп, андан 10 миң евро талап кыла баштаганы айтылат.

Коркуп кеткен Фрумузаче кыздын башын кесип, анын сөөгүн чемоданга салып фермага алып барат. Ал жерден анын башына бензин куюп өрттөөгө аракет кылып, кийин токой тарапка ыргытып салган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан