Жаркырап көрүнгөн жылдыздын оор жашоосу... Орусиялык ырчы МакSим 42 жашта

Орусиянын белгилүү ырчысы МакSим (Марина Абросимова) бүгүн, 10-июнда 42 жашка толду. Анын ырларын баарыбыз эле сүйүп угуп чоңойсок керек, сүйүктүү окурманым. Кайгылуу ырларын угуп кайгырып, шаңдуу ырларында бирге жыргап... Орус эстрадасында ырчыны "Золушка" деп аташат. Анткени ал кыйын убактарда акчасыз, таанышсыз, белгилүү продюсерлердин катышуусу жок эле орус эстрадасынын эң бийик чокусуна чыга алган. Андан кийин жашоонун түрдүү оор сыноолоруна кабылып, азыркы күнгө чейин күрөшүп келет. Бүгүн дал ушул ырчы жөнүндө кызыктуу маалыматтар топтомун тартуулайбыз.

Балалыгы жана чыгармачылыкка болгон кадам

Марина Абросимова 1983-жылы 10-июнда Казань шаарында жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы Сергей Абросимов автослесарь, апасы Светлана Максимова бала бакчада тарбиячы болгон. Максим аттуу агасы да бар. Ырчы каймана атын "МакSим" деп агасынын атынан койгон.

Марина кичинекей кезинен эле музыкалык мектепке барган. Ал пианинодо ойногонду үйрөнгөн. Ошондой эле, каратэ менен алектенген. Аны бул спортко байкеси ээрчитип барган.

"Мен спортчу эмесмин, бирок бала кезимден бери бокс, теннис, каратэ менен алектенип, алтургай Казань футбол командасынын мүчөсү болгом", - деген ал интервьюларынын биринде.

Ал эми он үч жашында ал клубдарда ырдай баштаган. Кызынын хоббисине ата-энесинин мамилеси экиге бөлүнгөн. Апасы буга каршы болгон, атасы болсо аны колдогон - ал кийимдерине чейин акча берип, кызы ырдап бүткөндөн кийин түнү өзү үйгө алып келип жүргөн. Атасы кызым максатына жетет деп аябай ишенген.

14 жашында Марина өз ырларын жаза баштаган - алардын айрымдары кийинчерээк альбомдоруна киргизилген. Мектептин хорунда ырдап, шаардык иш-чараларда дайыма сахнага чыгып, музыкалык сынактарга шыктануу менен катышкан.

Ийгилиги

МакСим "Заведи", "Чужой" жана "Прохожий" аттуу алгачкы чыгармаларын 15 жашында жаздырган. Ийгилик "Трудный возраст"ыры чыккандан кийин келип, Казань радиостанцияларында коюлуп, тез эле хитке айланган.

Ийгиликке шыктанган Марина муну менен эле токтоп калбай, Москвага барууну чечкен. Башында МакSим көчөлөрдө ырдап, промоутер болуп жарым күн иштеп, эптеп күн өткөргөн убагы болгон. Ырчы вокзалда бир нече күн болуп, тамак-аш жайларында түнөп, коомдук дааратканаларда милициядан жашынып жүргөн деген маалыматтар да тараган.

Марина акча иштегенден кийин "Трудный возраст" (Кыйын курак) ырына клип тарттырган. Ушул ыры кыздын чоң сахнага болгон жолун ачкан. Санкт-Петербургдагы фестивалга катышкан учурда 15 миңдей адам анын ырын ырдап колдоп, Gala Records компаниясы жаш аткаруучу менен кызматташууну чечкен. Көп өтпөй МакSим концерттик залдарды миңдеген адамдарга толтуруп, альбомдор заматта сатылып, ал эми өспүрүмдөр ырчыны бардык жагынан колдоп, аны кумир тутушкан.

2006-жылы МакSим'дин дебюттук альбому "Трудный Возраст" (Кыйын курак) жарык көргөн. "Нежность" ыры популярдуулукка ээ болуп, "Алтын Грамофон" хит-парадында биринчи орунду ээлеп, тогуз жума бою сап башында турган. Бул альбом коммерциялык жактан ийгиликтүү долбоор болуп, жаш ырчыга чоң популярдуулук алып келген. Диск эки миллиондон ашык нускада сатылган.

Ийгиликтен кийин ырчы Орусиянын жана чет мамлекеттердин шаарларына биринчи гастролго чыгып баштаган. Бир жылдан кийин, ал бир эле учурда эки сыйлык алган: "Жылдын мыкты поп" долбоору жана "Мыкты аткаруучусу" деген.

МакСимдин 2007-жылы чыккан "Мой Рай" (Менин Бейишим) аттуу экинчи альбому бриллиант статусун алган. Ырчынын чыгармачылык жолунда эң ийгиликтүү жыл 2013-жыл болгон. Марина өзүнүн төртүнчү дискинин үстүндө иштей баштаган. "Карачаево-Черкесской Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын, ошондой эле эң мыкты альбом үчүн сыйлыкты алган. Бир жылдан кийин ырчы Орсуиянын эң мыкты аткаруучуларынын катарына кирип, анын ырлары акыркы 10 жылда радиодо эң көп коюлуп турган.

2015-жылы, карьерасынын туу чокусунда, Марина көптөн берки кыялын ишке ашырган - ал Москвада өзүнүн искусство мектебин ачкан. Долбоор ырчынын жашоосунда маанилүү этап болуп калган , бул учурда анын соло карьерасы экинчи планга өтүп, өзү балдарга билим берип баштаган.

"Дайыма балдар менен иштегим келчү, балдарды жакшы көргөн сапат апамдан өткөн. Ошондон улам мен өзүмдүн чыгармачылык студиямды ачып, ал жакка кесипкөй адистерди, искусствонун ар кайсы тармагынан мугалимдерди чогулттум",- деген ырчы.

Бирок эки жылдан кийин Марина боюнан түшүп калгандан кийин катуу депрессияга түшүп калган. Андан соң мектеп жабылган. Баласынан айрылуу ырчы үчүн катуу депрессияга айланып, ичип кеткен. Андан кийин мугалимдикке кайра келе албай калган. Мындан тышкары, анын атасы катуу ооруп калган - ага төртүнчү стадиядагы рак диагнозу коюлган. Атасын көп жактардан дарыланткан. Бул дартты жеңип, учурда абалы жакшы.

Оор күндөрү

Оор сыноолорго кабылган ырчы өзүн таштап салган. Ал ичкилик ичип кеткен. Кээде сахнага мас абалында чыккан. Көп өтпөй дарыгерлер МакSимдин кан тамырларында олуттуу көйгөйлөр бар экенин аныкташкан. Ден соолугунун начарлаганына байланыштуу ырчы гастролун токтоткон. 2019-жылы МакСим ооруканага түшкөн. Ал аэропортко бараткан жолдо катуу ылдамдыкта айдап, тосмолорду сүзүп алган. Аны врачтар, Кудайдын жардамы менен гана аман калган деп айтышат, Маринанын мээси чайкалып калган. Ал эки ай төшөктө жатып калган. Салмак кошуп, оору менен дагы деле күрөшүп келет. Денеси катуу ооруп калат жана уйкусуздук кыйнап келет.

Бул убакытта ырчыны жек көргөндөр аны сынга алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышкан эмес. Троллинг Маринаны жаңы депрессияга алып келген,бирок Марина муну да жеңип, ырдап жүргөн.

Андан кийин дагы сынак келген, пандемия Марина үчүн чыныгы күч сынагы болуп калган. Ал пневмониянын оор түрү менен ооруканага түшкөн. Ал эми коронавирустук анализдер биринин артынан бири терс жыйынтыктарды көрсөткөнү менен ырчынын өпкөсү 80 пайызга жабыркаган. Маринанын абалы оорлоп анын канындагы кычкылтектин деңгээли түшүп, өз алдынча дем ала албай калган. Андан соң жасалма комага да жатып калган.

- "Жанымдан кетпей, кашык менен тамактандырып, чачымды тарап, мээрим менен курчап, кайрадан алгачкы кадамымды таштоого жардам берген дарыгерлерге рахмат. Көргөнүм, укканым, сезгеним үчүн Кудайга шүгүр!",- деген ырчы интервьда.

Марина эки ай өмүр менен өлүмдүн ортосунда болгон. Комадан чыкканда айыгып кетүү абдан кыйын болгон. Ал эс-тутумун жоготуп, көптөгөн окуяларды унутуп койгон. 30 килограммга арыктап кеткен.

- Мен өлүп баратканымды жакшы түшүндүм. Ал жер абдан тынч, жашоонун уландысындай сезилди. Мен корккон жокмун. Суукта калганым эсимде. Бирок үстүмө муз суу куюшканда мен эч нерсе сезген жокмун. Бир аял өтүп бара жатып, "Бул үчүн катуу дуба кылып жатышат окшойт",- деди.

"Комадан чыккандан кийин кайра жашоого үйрөнүшүм керек болду. Мен азыр чындап эле жөнөкөй көз ирмемдерди баалайм жана баарынан мурда үй-бүлөөм менен болгум келет", - деген ал.

Жеке жашоосу

Маринанын алгачкы олуттуу мамилеси өзүнөн дээрлик 10 жаш улуу музыкант Андрей Шульцка менен болгон. Андрей музыкага алгачкы кадамдарын таштаган студияда иштеген. Аларды ыр бириктирип турган. Мына ушул сезимдер тууралуу ал “Кыйын курак” аттуу ырын аткарган.

Андрей Маринага турмушка чыгууну сунуштаган, бирок Марина өзү үй-бүлөлүк жашоого даяр экенин сезген эмес. Ал борбор калаанын сахнасын кыялданчу, ал эми Андрей тынчтыкка жана бейпилдикке умтулуп, Москвадан алыс жашагысы келген. Ошентип эки жолго түшкөн.

Андан соң Марина үн инженери Алексей Луговцевди жактырып калган. Алар 2008-жылы баш кошуп, Балиде үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн. Жубайлар Саша аттуу кыздуу болушкан. Аялы гастролдо жана студияда жүргөндө Алексей бала карап үйдө отурган. Маринага башкалар менен жүрөт деп кызганып, ичип кеткен. Кийин баңгизат да чегип баштаган. Жубайлар үч жылдан кийин эки жолго түшкөн.

2014-жылы Марина Антон аттуу бизнесмен менен сүйлөшө баштаган. Ошол эле жылы алар кыздуу болушкан. Анын аты Маша. Эки жылдан кийин Марина үчүнчү баласына кош бойлуу болуп, уул күтүп жүргөн, бирок боюнан түшүп калган. Антон Маринанын көзүнө чөп салгандан кийин ажырашып кетишкен. Бирок жакшы мамиледе калышкан. Антон кызынын жашоосуна активдүү катышат.

Азыр ырчы жеке жашоосу тууралуу такыр маалымат бербейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан