Ирандын айрым шаарларында иттерди сейилдетүүгө тыюу салынды

Иранда иттерди сейилдетүүгө тыюу салган шаарлардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Iran International басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мындай тыюу буга чейин эле өлкөнүн кеминде 25 шаарында киргизилген эле.

Иттерди сейилдетүүгө жана жеке унаада ташууга тыюу алгач ирет 2019-жылы Тегеранда киргизилген. Бул эрежени бузгандарга айып пул каралган, ал эми айрым шаарларда ит ташылган унааларды мамлекет тартып алган.

Иранда иттерди сейилдетүүгө тыюу салган бирдиктүү мыйзам жок. Бул маселе боюнча сот органдары жергиликтүү бийликтин токтомдоруна жана полициянын буйруктарына таянып, жарандарды бул эрежелерди аткарууга мажбурлашат. Өз жарлыктарында бийлик өлкөнүн Жазык кодексиндеги жана Конституциядагы ар кандай беренелерге шилтеме беришет. Алардын катарында "Коомдук адеп-ахлак маселелери", "Элдин саламаттыгына коркунуч жараткан учурлар" жана "Башка адамдарга зыян келтирүү" деген беренелер бар.

Шаардык бийлик иттерди сейилдетүү элдин саламаттыгына жана жалпы коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептейт. Жергиликтүү аткаминерлердин айтымында, үйдө ит багуу "батышча жашоо образын каалоонун белгиси" катары каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан