Дүйнөдөгү эң узун темир жол каттамы ишке киргизилет

17-июндан тарта дүйнөдөгү эң узун жүргүнчү ташыган темир жол каттамы ишке киргизилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Пхеньян жана Москва, Пхеньян жана Хабаровск ортосундагы темир жол каттамы июнь айында жанданат.

Белгилей кетсек, Пхеньян – Москва багыты – дүйнөдөгү эң узун темир жол каттамы. Анын узундугу 10 миң чакырымдан ашат, ал эми жол жүрүүгө 8 күн кетет. Поезд Хасан, Уссурийск, Хабаровск, Чита, Иркутск, Красноярск, Новосибирск, Омск, Екатеринбург, Киров, Кострома жана башка шаарларда токтойт.

Эске салсак, Орусия менен Түндүк Кореянын ортосунда жүргүнчү темир жол каттамы 2020-жылдын февраль айында COVID-19 пандемиясынан улам токтотулган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан