Камчыбек Ташиев Өзбекстанды Дүйнө чемпиондугуна чыгышы менен куттуктады

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Өзбек футбол ассоциациясынын жетекчилерин аталган өлкөнүн Дүйнө чемпиондугуна чыгышы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 9-июнда Ташкент шаарынын "Жар" стадионунда орун алган Кыргызстан жана Өзбекстан U-23 жаштар курамаларынын жолдоштук беттешине Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилеринин делегациясы күбө болду. Беттеш алкагында КФБ өкүлдөрү Өзбекстан футбол ассоциациясынын президенти Баходир Курбанов жана биринчи вице-президент Равшан Ирматов менен жолугушту.

"Өзбекстандын улуттук курама командасынын футболчулары өздөрүнүн мыкты жана чебер оюндары менен Борбордук Азия аймагынын бардык өлкөлөрүнө үлгү көрсөтүп, ошол эле учурда кыялдардын ишке аша тургандыгын далилдешти. Келе жаткан Дүйнө чемпиондугуна Өзбекстан курамасы үчүн чын жүрөктөн жан үрөп турабыз",- деп белгиледи КФБ жетекчиси.

Өзбек футбол ассоциациясынын жетекчилери куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Эске салсак, 5-июнда Өзбекстандын курама командасы өз тарыхында алгач ирет футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан