
Өлкө аймагында акыркы суткада 37 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 38 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 9, Ош шаарында 3, Чүй олусунда 10, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 6, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 2, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы болду.
Министрлик жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.