Министрлер кабинетинин кызматкерлерине коюлган квалификациялык талаптар өзгөртүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Конституциялык мыйзам 4-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал министрлер кабинетинин ишин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Ага ылайык:

– Министрлер кабинетинин төрагасынын жана аталган мекеменин башка мүчөсүнүн кызмат орундарын жогорку билимге ээ, мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызматтарда жалпысынан 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 5 жыл, ошондой эле 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат;

– Аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин кызмат ордун жогорку билимге ээ, мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызматтарда жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 3 жыл, ошондой эле 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

Аталган конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан