Лос-Анжелесте демонстранттарга белгисиз адамдар коргоочу каскаларды тарата башташты (видео)

АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы нааразычылык акциясы өтүп жаткан жайларга жүк ташуучу унаалар менен белгисиз адамдар келип, демонстранттарга коргоочу каскаларды жана газга каршы жабдыктарды тарата башташты. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда FOX 11 телеканалы билдирди.

Маалым болгондой, алар митингчилерге аталган каражаттарды Улуттук гвардиянын кызматкерлеринин алдында таратышкан. Бирок аларды кармоо аракеттери болгон эмес. Каскаларды жана башка жабдыктарды тараткандардын бири жүзүн жашырган дагы эмес.

Телеканалдын маалыматы боюнча, жер-жерлерде вандализм аракеттери болуп жатат. FOX 11 дөңгөлөктөр өрттөлүп, демонстранттар коопсуздук күчтөрү менен кагылышууга даярданып жаткан белгилер болуп жатканына карабастан нааразычылык акциясынын катышуучуларын кармоо аракеттери болбогонун белгилейт.

10.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан