Адам өлтүрүү аракети токтотулуп, 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 9-июнда милицияга Ново-Покровка айылынын 33 жаштагы тургунунун өмүрүнө коркунуч жаралгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Натыйжада ага карата коркутуулар 18 жаштагы жигит тарабынан болуп жатканы аныкталган.
Ошол эле күнү алар Бишкек шаарында жолугушуп, жигит жабырлануучуну коркутуп, тапанчадан ок чыгарган. Маалыматты тактоо үчүн окуя болгон жерге келген милиция кызматкери мыйзамсыз аракетти токтотуу үчүн асманга эскертүүчү ок аткан. Шектүү кармалып, тапанча, ок-дарылар жана гильзалар далил катары алынган.
Тергөөдө ал 33 жаштагы киши менен пикир келишпестиктер болгонун, тапанчаны Ысык-Көл облусунан алып келгенин айткан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.