Британиялык дарыгер өзүнүн кесиптешине кол салууга аракет кылганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, 2021-жылы 61 жаштагы пластикалык хирург Жонатан Питер Брукс кесиптеши Грэм Перкстин үйүнө бензин чачып, өрттөп жиберүүгө аракет кылган. Андан соң Перксти бычак менен сайып жиберген.
Прокурордун айтымында, Брукс мындай кадамга кесиптеши андан "кадыр-барктуу" болгону үчүн барган. Ошондой эле Перкс Брукска каршы дисциплинардык териштирүүдө күбө катары көрсөтмө берген. Бул окуядан кийин Брукс жумушунан чыгып кетиши мүмкүн эле. Ошол себептен ал кесиптешине таарынып, андан өч алууну көздөп жүргөн.
Кол салуудан кийин айыпталуучу ошол үйдүн бакчадагы отургучунда уктап жаткан жеринен табылган. Андан соң полиция бөлүмүнө жеткирилип, абакка киргизилген.
Соттук териштирүүдө Брукс эки жолу “өлтүрүүгө аракет кылгандыгы”, “адам өмүрүнө коркунуч жаратуу максатында өрт коюуга аракет кылгандыгы” жана “мыйзамсыз түрдө бычак алып жүргөндүгү” боюнча күнөөлүү деп табылган. Сот учурунда Брукс өз камерасынан чыгуудан баш тарткандан кийин сот чечими видеобайланыш аркылуу угузулган. Ал Норвич шаарындагы полиция бөлүмүндө камакта болгон.