"Курманжан датка" тарыхый тасмасынын эпизоддоруна 30-50 жаштагы эркектерге кастинг жарыяланды. Мындай маалыматты Кинематограф фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, 16-февралда Курманжанга "Датка" наамы бериле турган эпизоду тартылат. Бул тасманын эң маанилүү эпизоддордун бири болуп саналат.
"Каалоочулар (0703) 77-18-73 номуруна алдын ала чалып, Жибек Жолу-625 дарегине келиши зарыл" деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган тасмада Курманжан датканын ролун КРнын Эл артисти Назира Мамбетова жаратууда.