УКМК: Кадамжайда милициянын майору кармалды (видео)

Ички иштер министрлигинин Кадамжай райондук күзөт кызматынын башчысы, милициянын майору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кол алдындагы кызматкерлерден мөөнөтүнөн ашык иштегендиги үчүн, ошондой эле негизги эмгек акысы үчүн түшкөн акча каражаттарынан ай сайын 10 миңден 30 миң сомго чейин системдүү түрдө опузалап алып турган.

Атайын кызмат шектүү кезектеги 95 миң сомду опузалап алып жаткан жеринен кармалганын белгиледи. Натыйжада милициянын майору УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан