Мектептер сентябрдан тарта 12 жылдык билим берүүгө өтөт

2025-2026-окуу жылынан тарта 12 жылдык билим берүүгө өтүү старт алат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, сентябрдан баштап 6 жаштагы балдар 1-класста, ал эми мектепке даярдоо курсун бүткөн балдар 2-класста окушат. 5 жана 7-класстар жаңы программалар жана окуу китептери боюнча билим алууга өтүшөт.

Мугалимдер жаңы ыкмаларга даяр болушу үчүн масштабдуу окутуу уюштурулган. Анда 80 устат-машыктыруучу STEM багыты боюнча 16 миңдей педагог, 37 миңден ашуун мугалим башка предметтер боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүшкөн.

Ал эми 2025-2026-окуу жылына карата мугалимдер үчүн 27 миңден ашуун ноутбук сатып алына турганы айтылды. Ошондой эле 2025-жылы билим берүүгө мамлекет тарабынан 68,8 миллиард сом бөлүнгөнү айтылды.

Улуттук статистика комитети жарыялаган маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылында мектептерде жалпы 93 696 мугалим иштесе, анын ичинен 87 385 мугалим мамлекеттик мектептерде эмгектенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан