Токмокто өгөй баласы тарабынан сабалган ата ооруканага түштү

Чүй облусунун Токмок шаарында өгөй баласы тарабынан сабалган ата ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июнда саат 02:45те Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө батирлердин биринде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Токмок ШИИБинде катталып, окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Териштирүү учурунда 21 жаштагы К.У. менен анын 46 жаштагы Б.Т. аттуу өгөй атасынын ортосунда кайым айтышуу чыгып, анын жыйынтыгында өспүрүм өгөй атасына дене жаракаттарын келтиргени аныкталган.

Жабырлануучу Б.Т. алган жаракаттары менен шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуя боюнча бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Учурда жабырлануучу Б.Т. тарабынан эч кандай арыз түшө элек. Текшерүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан