Америкалык ырчы Кэти Перринин Австралиянын Сидней шаарындагы концертинде күйөрманы сахнага секирип чыкты.
Окуя кечээ, 9-июнда болгонун People басылмасы жазды. Анда ырчы "Hot N Cold" ырын аткарып жатканда сахнага секирип чыккан күйөрманы аны кучактаган. Кэти андан алыстоо аракетин көргөн. Күйөрман бул учурда бийлей баштаган. Натыйжада эки коопсуздук кызматкери сахнага чыгып, аны кармап кетишкен.