Бүгүн, 10-июнда Австриянын Грац шаарындагы мектепте болгон атышуудан 8 адам каза тапты. Бул тууралуу Kronen Zeitung гезити жазып чыкты.
Маалым болгондой, ок чыгарган окуучу окуядан кийин өз жанын кыйган. Ал эми мектепте иштеген мугалимдердин бири жергиликтүү басылмаларга берген маегинде, бир нече ирет ок атылганын билдирген. Кылмышка шектүү эки класска ок чыгарган.
Полиция кызматынын маалыматына караганда, учурда окуя болгон жерде тиешелүү органдар иш алып барууда. Каза болгондор менен жабыркагандардын саны такталып жатканы айтылууда.