Бишкекте коомдук жайда мушташкан эки жаранга чара көрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Биринчи Май РИИБ билдирди.
Райондук милиция 8-июнда Токтогул көчөсүндө жайгашкан эс алуучу жайлардын алдында жарандардын мушташканы тартылган видео социалдык тармактарда тарары менен факт каттоого алынганын белгилейт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 35 жана 24 жаштагы жарандар аныкталып, кармалышкан. Натыйжада аларга карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде чара көрүлдү.