Кыргызстанда жасалган паспорттор Түштүк Африкага экспорттоло баштады. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн Намибиянын расмий делегациясы Бишкекке келип, экинчи келишимди түзүү боюнча расмий жолугушуу өткөрдү. Ошондой эле алар ушул жаатта гана токтоп калбастан, башка тармактарда дагы “Учкун” менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.
Президенттин иш башкармасына караштуу “Учкун” ишканасы менен Намибиянын ортосунда 130 миң даана биометрикалык паспорт боюнча биринчи келишим буга чейин түзүлүп, даяр продукция ийгиликтүү жөнөтүлгөн. Намибия тарап чыгарылган документтердин сапатына жогорку баа берип, ыраазычылыгын билдирген.
"Буга чейин Кыргызстан өзүнүн паспортторун чет өлкөлөрдө жасатып келген. Эми болсо тескерисинче, Кыргызстанда өндүрүлгөн жогорку сапаттагы документтерди чет мамлекеттерге экспорттоо жолу ачылды",- деп айтылат маалыматта.