Бүгүн, 10-июнда коргоо министри Руслан Мукамбетов Улуттук гвардиянын 10128 аскер бөлүгүнө барды.
Мекеме билдиргендей, ал жерде министр аскердик бөлүктүн күжүрмөн даярдыгынын учурдагы абалы жана аскер кызматчыларынын кызмат өтөө шарттары менен таанышты.
Мындан тышкары, Мукамбетов өздүк курам менен маек куруп, алардын кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.