Madleen кемеси Газанын алгачкы жана жалгыз аял балыкчысы – Мадлин Кулабдын ысымын алып жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда ТРТ Хабер түрк басылмасы жазды.
Маалымдалгандай, учурда 30 жаштардагы Мадлин, атасы ооруп калган кезден, тагыраагы, 15 жашынан баштап балык уулоону баштаган. Газага карата Израилдин катаал блокадасына карабастан, ал күн сайын согуш кемелеринин көлөкөсүндө иштөөнү уланткан.
Анын айтымында, бул блокада саясий гана эмес, экономикалык да кыргын.
"Кыйынчылык деген сөз бул жерде өтө эле жумшак. Бул жөн гана жашоо үчүн эмес, ар-намыс үчүн күрөш", - деди ал Al Jazeera English агенттигине берген маегинде.
Атасынын каза болушуна себеп болгон аба соккуларына, кайыктары менен торлорунун жок кылынганына карабастан, Мадлин төрт бир туугандын улуусу катары үй-бүлөсүн багуу үчүн күрөшүн токтоткон эмес. Ал дагы миллиондогон газалыктар сыяктуу коопсуз жай издөө үчүн үй-бүлөсү менен Хан Юнус, Рафах, Дейр аль-Балахка көчүүгө аргасыз болгон.
Мадлин Газанын гуманитардык жардам жеткирүүгө аракет кылган кемеге өзүнүн ысымы берилерин ирландиялык активист досторунан укканда кандай сезимге бөлөнгөнүн айтты.
"Бул кабар мени терең толкундантты. Чоң жоопкерчилик сезимин жана бир аз сыймыктанууну да туйдум. Бул мен үчүн үмүттүн да белгиси. Кемемди жардырышты, бирок атым калат. Атым деңизде желек болуп желбирейт", - деди Кулаб.
Эске салсак, Madleen кемеси 1-июнда Италиянын Катания шаарындагы Сан-Жованни ли Кути портунан Газага жол тарткан. 8-июнда Израил ал кемени токтоткон. Бортунда балдар үчүн азыктарды – балдар тамактары, ун, күрүч, дары-дармектер, жана башка негизги гуманитардык жардамдарды ташып келе жаткан. Ичиндеги 12 активистти Израил бүгүн, 10-июнда өлкөдөн чыгарды.