Индиянын Мумбаи шаарындагы Чхатрапати Шиваджи Махараж эл аралык аэропортунда Таиланддан келген жүргүнчүнүн чемоданынан 95 даана экзотикалык жаныбар табылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Бангкоктон Мумбаиге келген жүргүнчү аэропортто кармалып, бажы кызматкерлери тарабынан суракка алынган. Сурак учурунда жүргүнчүнүн өзүн шектүү жана тынчы жок алып жүргөнүн байкашкан кызматкерлер анын жүгүн текшерүүнү чечишкен.
Текшерүүнүн жүрүшүндө анын чемоданынан төмөнкү жаныбарлар табылган:
Бажы кызматкерлери бул жаныбарлардын көбү жоголуп кетүү коркунучунда турган жана соодасы мыйзамсыз болгон жапайы жаныбарлар экенин белгилешти. Жүргүнчү камакка алынды.
Ошондой эле бул адам мурда да ушундай мыйзамсыз аракеттерге катышканбы же жокпу деген суроо териштирилип жатат. Мындан тышкары бул ишке катышы бар болгон башка адамдар же топтор аныкталууда.