Лос-Анжелестин борбордук бөлүгүндө уланып жаткан нааразычылык акцияларынан улам коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу мэр Карен Басс билдиргенин чет элдик басылмалар маалымадашууда.
"Мен өзгөчө кырдаал жарыяладым жана Лос-Анжелестин борборунда вандализм жана талап-тоноочулукту токтотуу үчүн коменданттык саат киргиздим"- деди Басс.
Белгиленгендей, режим 2,5 чарчы чакырым аянтка колдонулат. Жалпысынан шаардын аянты 500 чарчы чакырымдан ашат. Ал жакка кирүүгө жергиликтүү тургундарга, журналисттерге жана өзгөчө кырдаалдар кызматтарына гана уруксат берилди.
Полиция башчысы Жим Макдоннелдин айтымында, үй-жайсыз адамдар да коменданттык сааттан бошотулду.