Түндүк Ирландиядагы Баллимен шаарында мигранттарга каршы баш аламандык учурунда 15 полиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, нааразычылык акциясынын катышуучулары бир нече саат бою полиция кызматкерлерине күйүүчү аралашма толтурулган бөтөлкөлөрдү жана таштарды ыргытышкан. Полиция аларга карата резина ок чыгарган. Төрт үй өрттөнүп , өрт өчүрүүчүлөр үч адамды куткарышты.
Алдыда полиция Клонавон-Террис районунда коопсуздук чараларын күчөтө турганы айтылды. Бийлик Англия менен Уэльстен кошумча жардам сурай турганы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, баш аламандык 14 жаштагы эки мигрант өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган деп айыпталгандан кийин башталган. Эки айыпталуучу тең коюлган айыпты четке кагып жатканы айтылууда.