
Ош облусунун Араван районунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда ИИМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, алгач милицияга ал жаран боюнча маалымат түшүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Натыйжада мурда бир нече жолу соттолгон Араван районунун тургуну 1983-жылы туулган Ж.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын көрсөтмөсүнүн негизинде курулушу бүтө элек үйдүн жер төлөсүнө кароо жүргүзүлүп, 1 даана ок атуучу курал кутучасы менен табылды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.