"Сүйүнгөнүнөн намаз окугандар ичип алышыптыр". Депутат эски жолду жаңылоо ишине эл кубанганын айтты (видео)

Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Төмөнкү Серафимовка - Ысык-Ата жолунун курулушунун башталганына жергиликтүү тургундар кубанып жатышканын айтты.

Ал аталган жол Совет доорунан бери оңдолбой келгенин белгиледи.

"Бир апта мурун 20 чакты техника келип, курулуш башталды. Ошол жердеги тургундар аябай сүйүнүп, намазга жыгылган 5-6 киши да сүйүнгөнүнөн байкабай ичип алышыптыр",- деди Таштанбеков.

Жогорку Кеңеш 11.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан