Бүгүн, 11-июнда Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара президенттик аппараттын, Ысык-Көл облусунун жетекчилигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Экологиялык жана туристтик милициянын жана Балык чарба комплекси департаментинин кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду.
Бул рейд Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу жана балык ресурстарын коргоо максатында ар бир райондо пландуу негизде өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат.
Бүгүнкү рейд Түп районунун аймагында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында мыйзамсыз балык уулоо фактылары, ошондой эле, тор колдонуу менен балык уулоолор аныкталган жок. Кайырмак менен балык кармагандардын документтери жана уруксат кагаздары текшерилди.