Сокулук районунун Күн-Туу айыл өкмөтүнүн Маловодное айылында жайгашкан бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 18-мартындагы №38 чечими менен АСК "Победа" ишканасынын акционерлеринин жалпы чогулушунун чечиминин негизинде 2 кабаттуу бала бакчанын имаратынын пайдалуу аянты 983 чарчы метр Ж.С. аттуу жарандын менчигине бекитилген. Ошол эле учурда Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-мартындагы №18 токтому менен бала бакчанын имаратынын жанындагы 5096 чарчы метр жер аянты аталган жеке тарапка дайындалган.
9-июнда аталган социалдык объекттин ээси Ж.С. өзүнүн бул мүлккө ээлик кылуудагы мыйзамсыздыктарды түшүнүп, өз ыктыяры менен жогоруда аталган социалдык объектти мамлекеттин балансына кайтарып берди.