Бишимбаевдин жаза мөөнөтү жеңилдетилиши мүмкүнбү?

Казакстандын мурдагы экономика министри, жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн Куандык Бишимбаевге Конституция күнүнө карата амнистия (абак убагын кыскартуу, жеңилдетүү) мүмкүн эмес. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Асет Чиндалиев билдирди.

Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратылган.

Журналисттер “Конституциянын 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамдын негизинде жаза мөөнөтүн жеңилдетүү мүмкүнбү деген суроо беришкен. Ага Чиндалиев так жооп берди.

"Эгер кылмыш жасалып, адам өмүрүн алса, маанилүү эмес кокустанбы же атайылаппы, андай шектүүлөр мунапыс алууга укугу жок", - деп баса белгиледи ал.

Башкы прокуратуранын өкүлү бул норма Жогорку Кеңештин жумушчу топторунун жана комитеттердин жыйындарында талкууланганын түшүндүрдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери, Жогорку Кеңештин депутаттары мас абалында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары үчүн соттолгондорго мунапыс колдонулушуна кескин түрдө каршы чыгышкан.

Эске сала кетсек, мунапыс мыйзамы (амнистия) өлкө башчынын Улуттук Курултайдын жыйынындагы тапшырмасын аткаруу алкагында кабыл алынган. Ал кылмыш саясатын гумандаштырууга багытталган, бирок оор кылмыштарга, өзгөчө кыйноо менен кылмыш жасагандарга колдонууну жокко чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан