Өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Мамлекеттик салык кызматында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 57 миллион сомдон ашуун суммадагы салыктын бюджетке төлөнбөй калганы аныкталган.
Тагыраагы, санариптик кызмат көрсөтүү, мобилдик жана веб-тиркемелерди иштеп чыгуу, онлайн маркетинг жана навигация тармагында коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүп келген ири компания салыктарды төлөөдөн узак убакыт бою качып келген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (Адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча өзгөчө ири өлчөмдө бюджетке салыктарды төлөөдөн качуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.