Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы инклюзивдик окутууну жакшыртуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоору менен агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова тааныштырган соң бир топ убакытка созулган талкуу болду. Мындан улам депутат Мирлан Самыйкожо суроолор кайталанып жатканын айтып, талкууну токтотуп, мыйзамды добушка коюуну сунуштады. Анын сунушу колдоо тапты.
Бирок депутат Эрулан Кокулов кесиптешинин сунушуна каршы экенин билдирди.
"Биз негизи иштейбизби? Кайталанса дагы суроолорду беришибиз керек. Кайда шашып жатасыңар?" - деп кесиптештерине ачууланып, министрликтин ишмердүүлүгүн сынга алды.
"Силер акчаны эмне кыласыңар? Каякка жумшап жатасыңар? Ата-энелерден деле алып жатасыңар. Экзаменге, оңдоо иштерине деле акча чогултасыңар. Иштейсиңерби же чогултуп жүрө бересиңерби? Бул министрлик үчүн уят эле нерсе... Сапатыңар өзгөргөн жок. Министрдин канча орун басары бар?" - деди эл өкүлү.
Бул учурда парламент төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев процессуалдык микрофондо берилген суроолорго жазуу жүзүндө жооп берилерин эске салып, Жусупбековага кайрылып, "жооп бербе" деди.
"Менин процессуалдык сүйлөөгө укугум бар, ошону колдоном. Эмне үчүн? Анткени силер мага суроо бергенге мүмкүнчүлүк бербейсиңер. Дайыма кыскартасыңар, азайтасыңар, эптеп добуш берип кетиресиңер. А булар болсо миллиондорду жеп жатат", - деген Кокулов кайрадан кесиптештерине нааразы болду.
Андан соң ал вице-спикерге кайрылып, депутаттардын укугун өкмөт мүчөлөрүнөн коргоого чакырды. Сыдыгалиев буга жооп берүүгө аракет кылганда Кокулов жооптун кереги жок экенин айтты.
"Мен жооп сураган жокмун. Эмнеге өкмөттүн айткандарына жооп кылбайсыңар? Актуалдуу нерселерди айтпастан унчукпай отура берелиби? "Көпчүлүк добуш менен чечип алдык" деп", - деди Кокулов.
Сыдыгалиев парламент коллегиалдуу орган экенин, андыктан чечимди көпчүлүк кабыл аларын белгиледи. Кокулов болсо, вице-спикерден анын суроолоруна жооп бербөөнү талап кылды.
Ачуулана түшкөн вице-спикер: "Эмне дейсиң? Азыр бүтсүнчү, сүйлөшөбүз", - деди. Кийинчерээк эки депутат тең жыйындар залынан чыгып кетишти.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору кабыл алынды.