ТИМ АКШдагы кыргызстандыктарга кайрылды

Тышкы иштер министрлиги АКШнын бир катар шаарларында уланып жаткан көчө демонстрацияларына байланыштуу ал жактагы кыргызстандыктарга кайрылды.

Ведомство аталган аймактарда жүргөн кыргыз жарандарын өз коопсуздугуна жогорку деңгээлде көңүл бурууга чакырды.

"Министрлик туруктуу чыңалууну эске алуу менен Кыргыз жарандарына нааразылык акцияларына катышуудан алыс болууга жана демонстрациялар, митингдер же башаламандыктар менен коштолушу мүмкүн болгон башка массалык чогулуштар өткөрүлүп жаткан жерлерден оолак болууну сунуштайт", - деп билдирди ТИМ.

Зарыл болгон учурда АКШдагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелерине кайрылуу керектиги айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан