Милиция Сосновкадагы кампада каза болгон жарандын өздүгүн тактоого жардам сурайт

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Сосновкада каза болгон адамдын өздүгүн тактоого коомчулуктан жардам сурады. Бул тууралуу мекеме бүгүн, 11-июнда билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-майында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Сосновка айылы, Киев көчөсү (дан кампасы) дарегинде белгисиз эркек кишинин капысынан каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, каза болгон адамдын аты Сергей, болжол менен 1968-жылы туулган. Ал 2021-жылдан бери дан кампасында чабан болуп иштеп жүргөн.
Өзгөчө белгилери: жүрүм-турумундагы бүкүрлүк жана омуртканын кыйшайышы бар.
Милиция сүрөттөгү жаранды таанып же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор төмөнкү номер аркылуу кабарлап коюуну өтүндү: 0 (507) 82-08-69.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан