Бүгүн, 11-июнда Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинде бетон аралаштыргыч унаа оодарылып кетти. Жеринде тартылган видеолор социалдык тармактарга тарады.
Билдирүүгө ылайык, окуя саат 18:30 чамасында болгон.
Кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, бурулуп жатканда оодарылып кеткен. Андан жабыркагандар жок.
Унаа айып короосуна токтотулуп, керектүү экспертизалар дайындалды.
Видео: Штраф.кж