Белгилүү британиялык актёр Доминик Уэст Бишкек эл аралык кинофестивалына катышуу үчүн Бишкекке келди. Фестиваль 11-15-июнь күндөрү өтөт.
Актёр менен Элдар Айтматов жана анын жубайы Сабира Айтматова жолугушту. Андагы сүрөт, видеону Айтматова Instagram баракчасына жарыялады.
Айта кетсек, Уэст “Таажы” (The Crown) сериалында, “300 спартандык” тасмасындагы жана “Көңүлдөштөр” (The Affair) драмасындагы ролдору аркылуу белгилүү.
Анын таланты дүйнө жүзү боюнча сынчылар, көрүүчүлөр тарабынан да жогору бааланган.