Трамп Кытай менен соода келишими даяр экенин билдирди

АКШ менен Кытайдын ортосундагы жаңы соода келишими даяр болду. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына жазды.

Маалым болгондой, учурда эки өлкөнүн лидерлери тарабынан акыркы бекитүү калды.

“Биздин Кытай менен келишим даяр. Ал мен менен төрага Си Цзиньпиндин акыркы макулдашуусуна көз каранды”, – деп жазды ал Truth Social социалдык тармагында.

Трамптын билдирүүсүнө ылайык, АКШ Кытай товарларына болгон бажы төлөмдөрүн 55 пайызга чейин төмөндөтөт, ал эми Кытай америкалык товарларга болгон төлөмдөрдү 10 пайызга чейин азайтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан