
Бишкек–Чалдабар унаа жолунун 60-чакырымында мас абалында желмаян унаасын башкарган жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Чүй облустук Жол милициясы билдирди.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинин негизинде протокол толтурулуп, желмаян айып короо жайына киргизилди.