III Бишкек эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу өкмөттөн бүгүн, 11-июнда билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өттү.
"Фестивалга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн режиссёрлор, жазуучулар, продюсерлер, актёрлор, киносынчылар жана эксперттер чогулду. Бул – жөн эле кинонун майрамы эмес, профессионалдык өсүүгө, чыгармачылык диалогду чыңдоого жана эл аралык кызматташууга мүмкүнчүлүк. Фестивалдын баш байгеси "Ак илбирс", "Жаабарс" статуэткасы. 2023-жылы ак илбирс расмий түрдө Кыргызстандын улуттук символу катары таанылган. Ак илбирс "Манас" эпосубуздагы негизги жаныбары, илбирс адам менен жаратылыштын ажырагыс байланышынын символу. Бүгүнкү күндө Кыргызстан экономикалык “ак илбирстин секиригин” жасап жатат. ИДПнын 10-11% деңгээлинде туруктуу өсүүсү бизге маданият жана искусство чөйрөсүн колдоого мүмкүнчүлүк берет. Үч жыл мурун кинематографияны мамлекеттик каржылоо 80 миллион сом болсо, быйыл 951 миллион сомду түздү”, — деди Касымалиев.
Касымалиев алтын доордо жаралган фильмдер кыргыз искусствосунун алтын фондусун толуктап, чыныгы шедевр жана сыймыктуу кинолор болуп калганын белгиледи.
"Кыргыз киносу элдин руханий турмушунда ар дайым маанилүү роль ойноп келген. Сиздер бүгүнкү күндө бул миссияны татыктуу улантып, жаңы бийиктиктерди багындырып келесиздер. Кино тармагындагы мыкты идеяга жана демилгеге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөт", — деди ал.
Бул III Бишкек эл аралык кинофестивалы ушул жылдын 15-июнуна чейин уланат.