Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 12-январына чейин Бишкек шаары боюнча 946 мыйзам бузуу жана кылмыш иши катталган. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-январда билдирди.
Маалыматка караганда, оперативдүү-иликтөө иштеринин натыйжасында 109 кылмыштын бети ачылды. Ошондой эле мурда катталган 42 кылмыштын бети ачылган.