Ош облусунун Өзгөн районунда жолдошу тарабынан сабалган аялдын окуясы боюнча облустук милиция маалымат берди.
Маалым болгондой, 29-майда жабырлануучу К.З. милицияга арыз менен кайрылган. Факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу ден соолуктун бузулушуна алып келген жеңил жаракат алганы аныкталды. Ошол эле күнү ал аял коргоого алынды.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголду. Анын жолдошу А.Ш.нын аракеттерине карата юридикалык баа берилет.
Ош облустук милициясы социалдык тармактын айрым колдонуучулары жабырлануучунун арызы боюнча ишти карабай жатат деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирип, жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырды.