Казак ырчылары Ерке Есмахан менен Raim (Раимбек Бактыгереев) уулдуу болушту. Бул тууралуу ырчы мырза социалдык баракчасына жазды.
"Кош келдиң, уулум Райымбек батыр",- деп жазган Raim сүрөт бөлүштү.
Комментарийлерде жубайларды күйөрмандары куттуктап жатышат.
Эске сала кетсек, Эрке Есмахан менен Райымбек Бактыгереев 2023-жылдын январь айында баш кошушкан. Ырчы менен таанышканга чейин Эсмахан биринчи никесинен уулу Муслимди тарбиялап жүргөн. Үйлөнүү үлпөтүнөн бир жылдан кийин түгөйлөр Ислам аттуу уулдуу болушкан.