Эми сөгүш алган кызматкер иш сапарларга чыга албайт

Мамлекеттик саясий кызматты ээлеген кызматкерлерге карата жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Маалым болгондой, президенттин тийиштүү жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Анда саясий кызматкер тартиптик жаза алса (сөгүш же катуу сөгүш), ал чет өлкөгө иш сапарларга чыга албайт. Сый акы жана дем берүүчү төлөмдөрү (премия) убактылуу токтотулат.

"Мындай кадам саясий кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатын көздөйт. Эми ар бир жетекчи же жогорку кызматтагы адам кызматын так аткарууга, сергек болууга, мыйзамды жана тартипти сактоого милдеттүү болот",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан